$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

ГИППОКРАТТЫН АНТЫ УРААРЫ ЧЫНБЫ?

1261 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору деген мекеме бар. Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү 90А дарегинде жайгашкан. Ал жерде медицина илимдеринин доктору, борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Гаипов Рустамбек Гаипович аттуу профессор эмгектенет. Бул дарыгер-хирург апрель айында 41 жаштагы Сооронов Мураска операция жасаптыр. Өкүнүчтүүсү, операция алдында Р.Гаипов оорулуунун жакындарынан акча талап кылыптыр. Өмүр баарынан кымбат эмеспи, Соороновдун жакындары Р.Гаипов талап кылган акчаны берүүгө аргасыз болушат. Бирок, дарыгердин өз ишине жасаган кайдыгерлигинен М.Соороновдун абалы улам начарлап, андан кийин дагы 3 жолу операция жасатууга аргасыз болуптур. Бул тууралуу бейтаптын жакындары укук коргоо органдарына, Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевдин өзүнө арыз менен кайрылышканын кабарлашты. Көрсө, бул кургак учук ооруканасында бейтаптан медициналык кызматтын эч кандай түрүнө бир тыйын да акы албай бекер дарылашы керек экен. Кургак учук жугуштуу ооруулардын түрүнө киргендиктен бейтаптарды дарылоо мамлекеттик каражаттын эсебинен каржыланат экен.
Кыргыз журтчулугуна белгилүү болгондой ЖКнын экс-депутаты Урмат Аманбаева да Оштогу кургак учук ооруканасында башкы бухгалтер кызматында турганда Өкмөт тараптан тендер жолу менен сатылып алынуучу дары-дармектерге бөлүнгөн акча чыры менен айыпталып, натыйжасында 9 жылга камалып олтурат. Айта берсе арман көп...

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->