Москвада 12 жаштагы кызды өлтүргөн кыргыз жараны кармалды

1862 0

Москвада 12 жаштагы кызды өлтүргөн деген кине менен кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда.

Москвада 12 жаштагы кызды өлтүргөн кыргыз жараны кармалды

Ишемби күнү Москвадагы батирлердин биринин жуунучу бөлмөсүнөн 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал бычактан алган жараатынан улам каза болгондугу аныкталган. Ал үйдө маркумдун чоң энеси жана жаштагы наристе да бар болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү КРнын жараны 1995-жылы туулган Чыңгыз аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал маркумдун апасынын сиңдисинин мурунку күйөөсү болгон.

Кылмышка шектүү Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө аракет көрг өндө полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

“Чыңгыз ошол үйдө батирде жашап жүрүп, акыркы кездери жубайы менен көп чырдашып жүргөн, балким анын бул кадамга баруусуна ошол да түрткү болгон болуусу мүмкүн” – деп айтылат маалыматта.



Булак: teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->