Кыз ала качуунун арты кыздын өлүмү менен аяктады

4 227 0

Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында адам уурдоо иши боюнча үрөй учурган окуянын соту аяктады. Окуя мындай болгон.

Кыз ала качуунун арты кыздын өлүмү менен аяктады


"Жигит тааныш кызын унаага күчтөп салып, катуу ылдамдык менен машинесин айдаган. Жабырлануучу андан токтотуусун сураганы менен, айдоочу ага кулак салбай коёт. Ошол кезде кыз унаадан секирип түшүүгө аракет кылат. Бирок, кыз алган жараатынан улам ооруканада көз жумган", - деп билдирет Кызыл-Ордо облусу боюнча басма сөз кызматы.


Сотто жигит менен кыздын 9 жылдан бери тааныш болуп, жакын мамиледе жүргөнү аныкталган. Жигит кызды абдан көп кызганып, кол көтөргөн учурлары да болгон. Анысы үчүн буга чейин бир нече жолу жоопко тартылган. Ошол эле учурда жигит кыздын курбусунан анын кайда, ким менен жүргөнүн сурап, текшерип да турган.

Соттун чечими менен айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөк болду.


Булак: chabarman.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->