Кайрат Примбердиев: мекендештердин колдоосун алыста болсом да сезип жаттым

446 1

Кайрат Примбердиев: мекендештердин колдоосун алыста болсом да сезип жаттым

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиядагы "Голос" телешоусунун финалына чыкты. Жарым финалдык беттеш 23-декабрда Москва шаарында өткөн. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев алыста болсо дагы мекендештеринин колдоосун сезип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев жарым финалда атаандашы Олег Кондраковдон көп упай топтоп, биринчилерден болуп финалга жолдомо алды.

Калыстар тобунун пикиринен кийин өнөрпоздорго насаатчы болгон Дима Билан Примбердиев үчүн 60 пайыз добуш берип, ага көрүүчүлөрдүн 58 пайызы кошулду.

"Сүйүктүү кыргыз элим! Албетте СМС добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбосо дагы, сиздердин мен үчүн бата тилеп, колдоп турганыңыздарды алыстан сезип жаттым!!! Ошол сезим мага эбегейсиз күч берип турду. Сиздерге терең ыраазымын жана ар бир жеткен ийгилигим кыргыз элимдин урматына арналат. Турмуш мени дагы кайсы жактарга алып бараарын азырынча билбейм. Бирок кай жерде жүрсөм дагы өзүбүздүн Ала-Тообузду, бейиштей кооз жерибизди, меймандос элибизди дайым даңктап, мактап жүрүүгө чын дилимден куштармын", — деп өз кубанычы жана сезимдери менен бөлүштү.


Примбердиев өз сөзүндө кандайдыр бир мамлекеттик наамдардан мурун ага болгон элдин сүйүүсү, урматы жана колдоосу кыйла жогору турарын баса белгиледи.

Кайрат Примбердиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келет. Октябрь айында өткөн "Беттеш" турунда Примбердиев Дима Биландын колдоосу менен кийинки этапка өткөн болчу.



Булак;sputnik.kg

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера соке
соке 24.12.2016


Кыргыздарда бир баляя бар)))