Атамбаевдин Өзбекстанга сапары башталат

669 0

Атамбаевдин Өзбекстанга сапары башталат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 22-декабрдагы басма сөз жыйында билдирген.

Маалыматка караганда, президенттин расмий сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана чечүүгө муктаж маселелерди талкуулайт.

Президенттердин жолугушуусу Самарканда өтөт. Ал жерде Атамбаев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун жайына барып бата кылат.


Булак;azattyk.org

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар