«Зордукталган» кыз 3 жылга эркинен ажыратылды

4 600 0

«Зордукталган» кыз 3 жылга эркинен ажыратылды

Казакстандын Усть-Каменогор айылынын тургуну жалган маалымат таратканы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды.Дос балдары менен уруша кеткен кыз аларды жазалоо үчүн “Мени зордуктап койду” – деп полицияга арыз менен кайрылган. Чындык далилденген соң, ал өзү сот жоопкерчилигине тартылып калды. Бул тууралуу казакстандык сайттар жазышууда.

Маалыматка таянсак, 21 жаштагы кыз 4 жигит менен спирт ичимдигин ичип, кечти бирге өткөрөт. Кыз мас болуп калган соң, жыныстык катнашка барууну чечет, ал эми балдардын бири аны телефонго тарта баштайт. Кыз балдарды батирден кууп чыгып, эртеси күнү балдардын үстүнөн арыз жазат. Балдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын жүрүшүндө кыз көрсөтмөлөрүнөн жаңылып, экспертиза анын зордукталбаганын аныктайт.

Ошентип, кыз өзү полицияга жалган маалымат бергендиги үчүн күнөөлөнүп, акырында баарын оюнан чыгарганын, аны зордуктабаганын, өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын моюнга алат.

Улан райондук соту кызды 3 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылат.


Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар