Кайрат Примбердиев «Голос» берүүсүнүн финалдык бөлүгүнө чыкты (ВИДЕО)

448 0

Кайрат Примбердиев «Голос» берүүсүнүн финалдык бөлүгүнө чыкты (ВИДЕО)

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын “Голос” аттуу шоу берүүсүнүн бешинчи сезонунун биринчи финалистти болду.

“Голос” берүүсүнүн 17-чыгарылышында Дим Биландын шакирттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Финалга чыгуу үчүн Кайрат менен Олег Кондраков күрөш жүргүзтү. Биринчи сахнага Кайрат Примбердиев чыгып, And I Am Telling You аттуу ырды аткарып көп жардамы үчүн Дима биланга рахмат айтып, бул берүүнүн финалдык бөлүгүнө жетем деп ойлобогом деди. Экинчи болуп сахнага Олег Кондраков , чыгып, «Лети, Лиза» аттуу ырды аткарды. Ал эми Дима Билан шакирттерине өз добушун төмөндөгүдөй кылып бөлдү: 60 % Кайратка, 40% Олег Кондратовго. Көрармандар да көпчүлүк добуштарын Кайратка беришти. Мына ушинтип Кайрат “Голос” берүүсүнүн биринчи финалисти болуп калды.
Финалдык бөлүктө күрөш жүргүзө тургандар: Полины Гагаринанын шакирти Сардор Милано, Леонида Агутиндин шакирти Дарья Антонюк, жана Григорий Лепсатин шакирти Александр Панайотовдор болот.







Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->