$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

«ВОР» МЕКЕНИНЕ КАЙТТЫ

962 0

Темир тордун артында да жашоо бар!

Кубатбек Жусубалиев айтмакчы, орусча айтсаң жакшы жарашат. Кыргызчасы «мыйзамдагы ууру». Расмий маалыматтарга караганда жакынкы күндөрү мыйзамдагы ууру, «Сакал» каймана аты бар Улан Токтосунов Мекенине кайтып келди. Чачыранды болуп кеткен кримтоптор, мамлекеттик атайын кызматтар, андан калса жалпы эле кыргыз коомчулугу У.Токтосуновдун келүүсүнө кандай карайт жана ал жөнүндө эмнелерди билет?
Улан Токтосуновго «мыйзамдагы ууру» макамын ыйгарууда «крестные» болуп «Вор в законе» Тимур Саратовский жана Мерап Мзарелуа экөө катышкан. Буга чейин Кыргызстандык Камчы Көлбаев да жогорудагы макамды алган. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы ачуу чындыкты айтканда кыргыздын Эркин Мамбеталиев, Алмаз Бокушев сыяктуу бир топ тың жигиттери бар. Алардын максаттуу аракети Камчы Көлбаев («Коля киргиз») менен Максат Абакировду («Водолаз») тынчтык келишүүчүлүккө алып келди жана да жаңы келген «вор» У.Токтосуновду («Сакал») деле бири-бири менен араздашпоого чакырат өңдүү. Буга чейин ич ара касташуудан далай жигит о дүйнө кетпеди беле?! Булардын тилеги алакандай кыргыз жигиттеринин ич ара касташуусун токтотуу. Ансыз деле дүйнө жүзүндө болуп жаткан бүгүнкү абалды баамдап турбайбызбы...

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->