$ 68.80 - 69.12

Ошто унаа жардан кулап, бир бала менен аял каза болду

751 0

Ошто унаа жардан кулап, бир бала менен аял каза болду

Машинанын ичинде жети жүргүнчү болгон. Учурда беш адам ооруканага жеткирилди.

Оштун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда машина кулап, эки адамдын каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 12.50лөр чамасында болгон. "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа аталган жолдун 45-чакырымына келгенде 30-35 метр бийиктиктен кулап, Тар суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 7 адам болгон, анын ичинен бир жаш бала жана бир аял көз жумса, төрт киши оор, дагы бир жүргүнчү жеңил жаракат алган. Жабырлануучулар райондук ооруканага жеткирилди, учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Булак:sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар