Булак: Москвада кармалган экстремисттик уюмдун 6 мүчөсү КР жараны болуп чыкты

2995 2

Булак: Москвада кармалган экстремисттик уюмдун 6 мүчөсү КР жараны болуп чыкты

Экстремисттик уюмдун катарына жаңы киргендер Афганистан менен Пакистанда окуудан өтүш үчүн жиберилип турган.

.Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны Москванын аймагында "Таблиги Жамаат" экстремисттик тобунун иштери менен кармалды. Бул туурасында РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактары кабарлагандыгын жазды.

"Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны кармалды", — деп айткан маалымат булагы.


ФСБ менен ИИМ Росгвардиянын жардамы менен бейшембинин кечинде Москванын аймактарынын биринен "Таблиги Жамаат" экстремисттик тобунун жети мүчөсүн кармаган. Маалыматтарда, аларга чет элдик эмиссарлар жетекчилик кылып, жол көрсөтүп турганы айтылат.

Кармалган экстремисттик уюмдун бул мүчөлөрү жаңы тарапташтарын таап, өздөрүнүн идеологиясына сугарып, тыюу салынган диний адабияттарды окуп, Россияда халифат түзүү пландарын талкуулап келишкен. Аларга азгырылгандар Афганистан менен Пакистанда окуудан өтүш үчүн жиберилген.


Булак;sputnik.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера нурик
нурик 22.12.2016


Эмне учун экстремисттик деп жазасынар?! Бизде "Таблиги жамаат" экстремисттик эмес, ал Орусияда ошондой
Фото юзера Samat
Samat 23.12.2016


Дин өзү келесоолор үчүн. Башы эч нерсеге жетпеген, бирөөгө жакшылык кыла албаган, деңгээли төмөн, сабатсыз караңгы адамдар үчүн ДИН күн сыяктуу. Динге каршылыгым жок. Көп адам ага муктаж. Бирок мен эмес. Мен Алланын атына деп иш кылгым келбейт. Жасасам чын жүрөктөн адам үчүн жасайм