$ 66.74 - 67.10
€ 71.97 - 72.96

Текебаев: «Бул мыйзам өтүп кетсе, өлкөдө чакан арак заводдор ачылып, элди ууландырабыз»

508 0

Текебаев: «Бул мыйзам өтүп кетсе, өлкөдө чакан арак заводдор ачылып, элди ууландырабыз»

Жогорку Кеңеште «Этил спиртин жана алькоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кызуу талкууга алынып, кайра артка кайтарылды.

Аталган мыйзам долбооруна Өмүрбек Текебаев баштаган бир нече депутаттар каршы чыгышты. Эгерде бул мыйзам өтүп кетсе, өлкөдө чакан арак заводдор көбөйүп кетээрин айтышты.

«Бул мыйзам өтүп кетсе, өлкөдө чакан арак заводдор ачылып, элди ууландырабыз. Бул туура эмес. Эки демилгени бириктирип, мектептердин жанында арак сатууга тыюу салууну кошуп жатат. Ага жамынуу менен мыйзамды өткөрөбүз деген болбойт. Эки мыйзамды бөлүп карайлы», — деди Өмүрбек Текебаев.


Булак: Чындык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар