Рыскелди Момбеков: «Жаӊы жылда жарык болобу же калкыбыз караӊгыда каман күркүрөйт болуп отурабы?»

112 0

Рыскелди Момбеков: «Жаӊы жылда жарык болобу же калкыбыз караӊгыда каман күркүрөйт болуп отурабы?»

Улуттук энергохолдинг Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты иштен чыгып калганын 6 күндөн бери жашырып келди. Көрсө, №2 гидроагрегатынын 500 кВ чыӊалуудагы кабелинин ичинде температура кескин көтөрүлүп кеткендиктен, ал автоматтуу түрдө токтотулган экен. Былтыр дагы так ушул мезгилде Токтогул ГЭСинде авария болуп, ремонттон өткөрүлгөн. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Эл өкүлү компания башчысы Айбек Калиев Азия өнүктүрүү банкынан 450 млн доллар каражат алганын, эми Токтогул ГЭСинде авария болбой турганына ишендиргенин эске салды.

«Адамдын атасы өлсө деле угузат экен. Эмне үчүн Улуттук энергохолдинг алты күндөн бери авария болгонун жашырып жатты. Компаниянын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу зарыл. Жаӊы жылда жарык болобу же калкыбыз караӊгыда каман күркүрөйт болуп отурабы?», – деди Рыскелди Момбеков.


Булак:Каганат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->