$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

БАТЫШ АВТОБЕКЕТИ МАМЛЕКЕТТИКПИ ЖЕ ЖЕКЕ МЕНЧИКПИ?

816 0

Күнү-түнү адам кыймылы токтобогон жайлар болот. Бишкек батыш автобекети мына ушундай жайлардын бири. Бири келсе, экинчиси кетип дегендей… Бул жерден өзүбүздүкүн кой, чет мамлекеттерге жүргүнчү ташуучу транспорттор жөнөтүлүп турат.
Бир караганда батыш автобекети мамлекеттик ишканадай сезилет. Бирок ичине кирсең «Ак жол» аттуу жеке менчик автостанция жайгашкан. Ысык-Көл, Нарын жана башка ички шаарларга гана эмес Казакстандын Алматысына чейин жүргүнчүлөрдү ташып тейлешет. Эми суроо туулат: бул жүргүнчүлөрдү ташуудан, тейлөөдөн түшкөн акчалар жеке бир адамдардын чөнтөгүнө эмес, мамлекет казынасына түшүп турса болбойт беле,- деген. Ансыз да мамказынанын түбү тешилип, экономикабыз эңшерилип турганда жеке менчик автостанцияга мамлекеттик ишкананын аймагынан орун берип, бир ууч адамдарды гана байытып отуруунун кандай кажети бар? Аны кайрадан мамлекет карамагына алууга болобу? Мына ушундай суроолорго жооп издөө үчүн атайын журналисттик иликтөөлөр баштады.
Айтмакчы, батыш автобекети КР Өкмөтүнүн атайын токтому менен республикалык маанидеги маданият жана тарыхый эстеликтер катарына киргизилген экен. Мыйзамга ылайык автобекеттин сырткы көрүнүшүн бузуучу бир да курулуш тургузулбашы керек эле. Керек болсо бул бекетти Эл аралык автобекеттердин деңгээлине көтөрүүбүз зарыл болчу. Эмне, бизге чет элдик жарандар келбей жатабы? Андан калса башка мамлекеттердин Президенттери «Манас» аэропортуна чейин учак менен келсе, андан бери так ушул бекеттин алдынан алып өтүп жатпайбызбы!? Азыркы абалы кандай? Жайнаган комоктордон бекеттин төбөсү гана араң көрүнөт. Андан калса, «Ак жол» жеке менчик автостанциясына кирип-чыгып жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар ар дайым жол коопсуздугун жаратып, башаламандыкты пайда кылат. Ал эми бул автостанциядан Ысык-Көл, Нарын багытында бараткан жүргүнчү ташыган транспорттордун баары Боом капчыгайында жайгашкан аты уйкаш “Ак жол” кафесине гана барып токтойт экен. Демек, бул аты уйкаш эки жеке менчик ишкана бир эле адамдыкы болушу мүмкүн.
БАТЫШ АВТОБЕКЕТИ МАМЛЕКЕТТИКПИ ЖЕ ЖЕКЕ МЕНЧИКПИ?

БАТЫШ АВТОБЕКЕТИ МАМЛЕКЕТТИКПИ ЖЕ ЖЕКЕ МЕНЧИКПИ?

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->