$ 68.79 - 69.09

Британиялык сот 101 жаштагы педофилди 13 жылга кести

213 0

Британиялык сот 101 жаштагы педофилди 13 жылга кести
Ральф Кларк Улуу Британиянын тарыхында соттолгон эң улгайган адам болуп калды.

Британиялык сот 101 жаштагы Ральф Кларкты өспүрүмдөргө сексуалдык жактан ыдык көрсөткөнү үчүн 13 жылга кести. Бул туурасында РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Буга чейин Бирмингемдин королдук соту сексуалдык жактан 21 ирет зомбулук көрсөткөн Кларкты күнөөлүү деп тапкан. Маалыматта бул ыплас иштерин ал 1970-80-жалдары жасагандыгы айтылган.

Анын мындай сексуалдык зомбулугунун курмандыктарынын бир катары учурда 45 жашка келип калган. Алар былтыр Facebook тармагынан Кларктын 100 жылдык юбилейине жазылган куттуктоолорду көргөндөн кийин полицияга кайрылышкан. Ошентип Ральф Кларк Улуу Британиянын тарыхында соттолгон эң улгайган адам болуп калды.

Булак: Sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->