Ата-баланын бетине газ чачып, уюлдук телефон алып кеткен кылмышкер кармалды

614 0

Ата-баланын бетине газ чачып, уюлдук телефон алып кеткен кылмышкер кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Буура РИИБине 5-декабрь күнү Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын жашоочусунун үйүнө саат 17:00дөр чамасында бейтааныш адам кирип келип, үйдө отурган үй ээсин жана 8 жаштагы баласын бычак менен коркутуп акча талап кылып, «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп алып жана газ балону менен экөөнүн беттерине газ чачкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунда, кылмыш ишинин изи сууй электе, кылмышка шектүү европа улутундагы Бишкек шаарынын 32 жаштагы А.И. аттуу тургуну кармалган.

Аталган факты боюнча КЖКнин 168-беренесине ылайык (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Булак:Каганат

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->