Сатуучуларды “Жаңы Шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлагандарга кылмыш иши козголду

385 0

Сатуучуларды “Жаңы Шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлагандарга кылмыш иши козголду

Кара-Балта шаарында “Азия 2” базарынын сатуучуларын жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо “Жаңы Шаар” партиясына добуш бересиң деп кыйнагандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 13-декабрь күнү Жайыл РИИБине “Азия 2” базарынын сатуучулары базардын жетекчисине чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Сатуучулардын айтымында базардын директору “Жаңы Шаар” партиясына добуш бересиңер деп мажбурлаган. Андан сырткары ар бир сатуучу 10 кишиден шайлоочу алып келүүнү буюрган.
Сатуучулардын айтымында аталган партияда базардын директорунун уулу жана кызы талапкер болгон. Эгер андай болбой турган болсо, ижара акысын көтөрүп коё тургандыгын айтышкан. Базардын жетекчиси 11-декабрь күнү базардын эшигин жаап коюп, шайлоочулар менен келбесеңер базарга кирбейсиңер деп коркуткан. Партия жетиштүү добуш албай калган соң базар жетекчилиги ижара акысын көтөрүп койгон.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй ШИИБи иликтеп жатат.



Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар