$ 68.47 - 68.69
€ 80.40 - 81.19

Бишкекте мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

684 0

Бишкекте мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте айдоочу мектеп окуучусун сүзүп кетип, из жашырган. Бул тууралуу ПМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 15-декабрь күнү 12:30 чамасында Анкара көчөсү менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде №29-мектептин 10-классынын окуучусун белгисиз унаа сүзүп кеткен.

Жабырлануучу №3 ооруканага жеткирилип, бутунан жана башынан трвма алгандыгы аныкталган.
Милиция учурда айдоочуну издеп жатат.



Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар