$ 68.66 - 68.86
€ 80.15 - 81.00

Бишкектеги Аламүдүн базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды

279 0

Бишкектеги Аламүдүн базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды

Мамэкотехинспекциянын адистери өрт кырсыгы каттала турган болсо жарандар жабыркап, соодагерлер олуттуу материалдык чыгымга учурашы мүмкүн экенин айтышат.

Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынганын Мамэкотехинспекция билдирди. Маалыматка ылайык, базарда өрт коопсуздугу боюнча талаптар одоно бузулган.
"Базар жетекчилиги тарабынан өрттүн алдын алуу чаралары көрүлгөн эмес. Соода тилкелеринин баш аламан, жыш жайгашкандыгынан өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдук жаралган", — деп айтылат маалыматта.

Мамэкотехинспекциянын адистери өрт кырсыгы каттала турган болсо жарандар жабыркап, соодагерлер олуттуу материалдык чыгымга учурашы мүмкүн экенин айтышат. Аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде акт, протоколдор түзүлүп, Мамэкотехинспекциянын буга чейин берген эскертүүлөрү аткарылбагандыктан, Аламүдүн базарынын башкармалыгына 50 миң сом айып салынды.


Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар