Азимжан Аскаров бүткүл дүйнөлүк камалган журналисттердин тизмесине кирди

341 0

Азимжан Аскаров бүткүл дүйнөлүк камалган журналисттердин тизмесине кирди
Журналисттердин эркиндигин коргоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, акыркы 26 жыл ичинде быйылкыдай журналисттер көп камалган эмес.

Дүйнөдөгү бардык түрмөдө 259 журналист камалган. Түркияда 81, Кытайда 38, Египетте 25 журналист камалган. Иликтөөгө ылайык, 2000-жылы дүйнө жүзүндө 81 журналист камакта болсо, 2011-жылы камалгандардын саны көбөйгөн.

Камалган журналисттердин 20сы аял, 239у эркек журналисттер, алардын 55нин ден-соолугу начар.

Иликтөөчүлөр Кыргызстанда бир журналист камакта экендигин айткан. Укук коргоочу Азимжан Аскаровду укук коргоочу журналист катары жазышкан.

Казакстанда3 журналист, Казакстанда 2, Өзбекстанда 5 журналист камалган. Иликтөөчүлөр Тажикстанды тизмеге кошкон эмес.

Булак: fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->