$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Камчы Көлбаев депутаттарга мыйзамдын катасын көрсөттүбү?

1642 0

Камчы Көлбаев депутаттарга мыйзамдын катасын көрсөттүбү?
Кыргызстандын бирин сала бирин чыгарган мыйзамдары дагы деле болсо карама-каршы келген жактары көп. Ошол эле Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип берилген мыйзамдар буга чейинки чыккан мыйзамдар менен шайкеш келбей, биринчиси экинчисин, экинчи мыйзамын үчүнчү мыйзамы жокко чыгарып келгендиги ырас. Кечээ жакында дал ушул мыйзамдардын бири бирине болгон карама каршылыгы уюшкан кылмыштуу топторду жазага тартууда дагы келип чыккан. Буга чейин Конституциялык палата дал ушул уюшкан кылмыштуу топту учётко алуу үчүн мыйзамдардын бири бирине карама каршы келип калып жаткандыгын белгилеген.

2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ИИМ тизмеге алуу үчүн “Уюшкан кылмыштуу топко карама каршы күрөшүү” мыйзамында жазылган алдын ала оперативдүү учётко алынган кылмыштуу топтун мүчөсүнүн кылмыш иши далиденмейин эч кандай соттук отурум болуп чечим чыгарылбайт. Же тескерисинче соттолгон кылмыштуу топтун мүчөсү сот жообуна тартылып, жазасын өтөп чыккандан кийин ИИМдин оперативдүү учётунда катталбайт. Мына ушундай карама каршылыкты түзгөн мыйзам ИИМди2013-жылдан бери бир гана уюшкан кылдмыштуу топтун мүчөсүн учётко ала алган. Ал “Сакал” аттуу каймана аты бар Улан Токтосунов.

Кечээ эми Кыргызстандагы номур биринчи кримтөбөл аталган кылмыштуу топтун башчысы Камчы Көлбаевдин жактоочусу Конституциялык палатага дал ушул маселе оюнча арыз жолдоп, жарандын укуктарын бузуп жаткандыгын билдирген. Кримтөбөл Камчы Көлбаев азыр Асанбек Камчы деп аты жөнүн өзгөртүп алган. Бул боюнча анын жактоочусунун жазганы боюнча бир нече конкреттүү факт болбогону менен Камчы Көлбаевди сот сыртынан гана соттогон.

Ал эми оперативдүү учётто да турган Камчы Көлбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына чыгарган мыйзамга толуктоо жана оңдоо киргизүү зарылчылдыгын көзгө сайгандай эле көрсөттү. Жактоочунун билдирүүсүндө жарандын эркиндигин чектеген бул мыйзам бузу экендигин, дал ошондой аракет Камчы Көлбаевге дагы жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген. Бул боюнча мыйзам чыгарган Жогорку Кеңештин депутаттары кетирген каталарын моюндады окшойт өңдүү.

Мындай жол менен Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукту жоймок түгүл тескерисинче алардын боштондукка чыгууга шарт түзүлүп калаары анык. Бирок медалдын экинчи бетине үңүлө келгенде Жогорку Кеңештин депутаттары моюндап ката кеткендигин ырасташкандан кийин, Камчы Көлбаевдин дымагынын кереметиби деген ойго дагы келбей койбойт экенсиң. Анткени кримтөбөл мыйзамдын аталарына сөөмөй кезегендей таасир калтырган демократиянын күчү керемет дегенден башка аргаң жок.

Булак: Каганат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->