Шайлоо күнү 18 жаштагы кызды тоногон 3 кыз кармалды

577 0

Шайлоо күнү 18 жаштагы кызды тоногон 3 кыз кармалды

Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 11-декабрда үч кыз күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун тартып алышкан

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген үч кызды крамады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. 11-декабрда болжол менен 14.30да үч кыз күч колдонуу аркылуу анын Q Mobile маркасындагы телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп 19, 20 жана 21 жаштагы кыздарды кармашты. Кылмышка шектүүлөр тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.


Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар