Бишкекте үч кыз киши тоноп кармалды

833 0

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген үч кызды крамады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте үч кыз киши тоноп кармалды

"Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. 11-декабрда болжол менен 14.30да үч кыз күч колдонуу аркылуу анын Q Mobile маркасындагы телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп 19, 20 жана 21 жаштагы кыздарды кармашты.

Кылмышка шектүүлөр тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->