$ 67.41 - 67.71
€ 73.11 - 74.08

Пакистан: мектептеги жардыруу окуучу кыздын өмүрүн алды

196 0

Пакистан: мектептеги жардыруу окуучу кыздын өмүрүн алды

Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагындагы айылдык мектептин сыртында бомба жарылып, андан бир окуучу кыздын өмүрү кыйылды. Дагы үч өспүрүм жаракат алганы кабарланууда.

Уруучул башкаруу өкүм сүргөн бул аймакта Пакистандын армиясы экстремисттик топтор менен күрөшүп келет.

Коопсуздук күчтөрү кабарлагандай, жардыруучу зат мектептин дарбазасына орнотулган. Дарбаза ачылганда бомба жарылып кеткен. Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Булак;azattyk.org

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар