Арабдар Кыргызстандын айыл чарбасына кызыктар

228 0

Бүгүн, 25-февралда Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбей Чодуев Бириккен Араб Эмиратынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед Хареб Аль-Мехайрбини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Элчинин айтымында, марттын аягында Кыргызстанга атайын делегация келет. Мохамед Хареб Аль-Мехайрби кызматташуу үчүн айыл чарба тармагында кандай багыттагы долбоорлор иштеп жаткандыгына кызыкты. Министрдин орун басары Чодуев өз сөзүндө Кыргызстан тоолуу өлкө экендигин белгилеп, Кыргызстанда чыккан бардык продуктулар табигый таза, өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин рынок кеңейгендигин жана мүмкүнчүлүктөр да чоң экендигин белгиледи. Мындан сырткары, тамчылатып сугарууга, күнөсканаларга да инвестиция тартуу жемишин берерин айтып өттү.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->