$ 68.88 - 69.04
€ 76.75 - 77.27

Чүй облусунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды

313 0

Чүй облусунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун тургуну 25 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1955-жылы туулган М.Е. аттуу жаран буга чейин бир канча жолу сот жообуна тартылган. Оперативдүү маалыматтардын негизинде анын жашаган үйү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында үйүнүн чатырынан 25 килограмм марихуана табылган.
Ал баңгизатын өзү даярдап, башкаларга сатып жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, М.Е. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак;super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар