$ 67.80 - 68.02
€ 75.51 - 76.29

Нарын районунун тургуну кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды

505 0

Нарын районунун тургуну кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды

Нарын районунун тургуну кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, инспекторлор жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын негизинде, Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургуну Жаныш Курманкожоев ИЖ-12560 маркасындагы мылтык менен кармалган.Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл китепке кирген 2 кыргоолду атканы аныкталган. Ошондой эле анын анчылык кылууга уруксаат кагазы жана мылтыкка тийиштүү документтер жок болгон.Учурда административдик айып салынып, өндүрүлдү. Ал эми мыйзам бузуу боюнча инспекторлор ишти тийиштүү органдарга өткөрүп беришти.

Булакsuper.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар