$ 68.88 - 69.04
€ 76.75 - 77.27

Тимати "Слези тикли вверх" ырын MC_doncha менен чогуу ырдады

965 0

Тимати "Слези тикли вверх" ырын MC_doncha менен чогуу ырдады

Буга чейин россиялык рэпер кыргызстандык вайнердин видеоролигин бөлүшкөн.

Россиялык рэпер Тимати жана кыргызстандык Данияр Токтомамбетов (Mc_doncha) социалдык тармакта таанымал болгон "Слезы тикли вверх" ырын чогуу аткарышты.
Видеону алар өздөрүнүн Instagram баракчасына бөлүшүшкөн. Тимати бөлүшкөн видеону эки сааттын ичинде эле жарым миллиондон ашык жолу көрүшкөн.

Кыргызстандык вайнер Данияр Токтомамбетов учурда Москва шаарында жүргөнүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды. Буга чейин Россиянын айрым ЖМКлары аны Андрей Малахов "Пусть говорят" теле берүүсүнө чакырганын жазышкан.
Тимати "Слези тикли вверх" ырын MC_doncha менен чогуу ырдады

MC_Doncha лакап аты менен белгилүү Токтомамбетовдун бул ыры россиялыктарды да кайдыгер калтырган эмес. Тимати, Jah Khalib, "А-Студио" тобунун аткаруучусу Кэти Топурия өздөрүнүн Instagram баракчасынан бөлүшкөн. Андан сырткары, Михаил Галустян дагы жылуу пикирин билдирген.


Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар