Текебаев Албек Ибраимовду каматаарын айтты

473 0

Текебаев Албек Ибраимовду каматаарын айтты

Бүгүн, 9-декабрда Албек Ибраимов менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө Текебаев Албек Ибраимовдон да, Президенттен да коркпой тургандыгын айтты.

“Мен Ибраимовдон да, Атамбаевден да коркпойм, убагы келгенде мен аларды каматам, балким силер аларды соттоп калышыңар мүмкүн” – деди Текебаев.


Ибраимовдун жактоочусу мэрге тийиштүү болгон бардык байлыктар тууралуу документтерди сотко тапшырды.
Бирок Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтокунова Текебаевдин айткан сөздөрүндө Албек Ибраимовдун абийирине шек келтире турган сөздөр жок экендигин айтты.

“Өткөн отурумда биз интернеттен пресс-конференцияны таппай койдук, ММКда чагылдырылган видео каякта тартылганы белгисиз” – дейт жактоочу.

Бирок Албек Ибраимовдун жактоочусу интернеттен бул видеону көчүрүп алгандыгын айтты.

“Документте Текебаевдин сүйлөгөнү 12 мүнөт 40 секундга созулат. Адистер ал видеону 3 нускада көчүрүп алышты. Же Өмүрбек Чиркешович бул пресс-конференциясын танабы?” – дей мэрдин жактоочусу.


Текебаевдин жактоочусу мындай далил менен макул эмес.

“Талаштын предмети эмнеде?” – деп сурады Токтокунова соттон.


Соттук отурумду алып барып жаткан Айгуль Уметова сот баардык документтерге укуктук баа берээрин айтты.

“Укуктук баа берүү үчүн талаштын предмети болуусу керек, бул видео качан жана каяктан жарыяланганы белгисиз. Сиз жарандык-процессуалдык кодексти бузуп жатасыз” – деди Текебаев.


“Сиз сотту башкарасызбы, келиңиз көрсөтмөлөргө өтөлү” – деди сот
.
Текебаевдин жактоочусу соттук аткаруучуга эскерттүү берди.
“Менин сотко болгон эскертүүмдү протоколго киргизип коюуңузду суранам” – деди Токтокунова.

Сот жактоочу эскертүү бергенге акысы жок экенин айтты. Анда Текебаев эртеби, кечпи Албек Ибраимовду каматаарын, так ушул Уметалиева сот анын ишин кароосу мүмкүндүгүн эскертти.


Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар