$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине арыз-муңун айтканы келген 6 жаранды полиция кармап кетти

662 0

Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине арыз-муңун айтканы келген 6 жаранды полиция кармап кетти

Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине арыз-муңун айтканы келген 6 жаранды полиция кармап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Москвада иштеп жүргөн кыргыз жараны Кубанычбек билдирди.

"Москвадагы элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти. Элчилик өздөрү полиция чакыртып салып беришти. Эмне себептен кармап кетишкени түшүнүксүз болууда. Биздин ишенген элчилик ушундай кылса, биз мигранттар кайда барабыз. Биздин үнүбүздү ким угат", - дейт Кубаныч.


Буга чейин окурман WhatsApp аркылуу "Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынды" деп билдирген эле. Буга жооп катары Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги "Бүгүн элчиликке Кыргыз өлкөсүнүн жарандары келишти. Алар менен миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланды. Бардык тийиштүү суроолорго жооп алышты. Полиция тарабынан эч кандай кармоо болгон жок" деген болчу.


Булак;super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар