$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Өкмөттүн эми кара куурайды гана легалдаштыруусу калды эле.

632 0

Бүгүн, 22- декабрда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттар өкмөттүн кумар оюндарын легалдаштыруу сунушун сынга алышты.
КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, КРнын Кылмыш кодексине ылайык, кумар оюндары жана баңгизаттарды колдонуу кылмыш болуп эсептелет.
"Эгерде силер оюн автоматтары бюджетке кошумча киреше алып келет деп жатсаңар анда кара куурады дагы легализациялайлы. Ал андан дагы көп киреше алып кетет",- деди депутат.
Депутат кумар оюндары баңги зат сыяктуу эле адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизе тургандыгын премьер-министр Темир Сариевдин эсине салды.
"Биз 5-чакырылышта казинолордун жабылышын колго алганбыз. Ошондо бизнесмендер депутаттарга келип казинолорду жабуу боюнча мыйзам долбоорун колдобоону суранып чоң суммадагы пара сунушташканы айтылган. Демек ошол адамдар азыр өкмөт аркылуу иш алып бара баштаган экен да",- деди ал.
Өз кезегинде Сариев баңги заттарды легализациялоого барбай тургандыгын айтты.
Ал эми кумар оюндарын легализациялоого экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн барып жатышкандыктарын кошумчалады.

Булак: vb.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!


-->