$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

#ONE MAGAZINE AWARDS 2016 жеңүүчүлөрүн аныктады

285 0

#ONE MAGAZINE AWARDS 2016 жеңүүчүлөрүн аныктады

Бишкекте бешинчи жолку #ONE MAGAZINE AWARDS сыйлык тапшыруу аземи декабрь айынын башында өттү. Ага Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсүнүн менмендеген өкүлдөрү катышты.

"Сыйлык тапшыруу аземи биринчи юбилейибизге туш келгени биз үчүн чоң сыймык. Анткени бул күнгө жетүү үчүн көп аракеттерди жумшадык. Бул жыл биринчи юбилейибизди гана эмес, #ONE MAGAZINE журналыбыздын жаңы форматка өтүшүн дагы майрамдап жатабыз", — деди басылманын башкы редактору Айида Долотбакова.


#ONE MAGAZINE AWARDS 2016 сыйлык тапшыруу аземи 11 номинация менен өттү. "Муундардын урматы" номинациясындагы сыйлык кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналды.

Калган 10 сыйлыктын лауреаттары сыйлыктын расмий сайтындагы онлайн-добуш берүүлөр аркылуу аныкталды. Добуш берүү 50 күнгө согулуп, 30-ноябрь күнү аяктады.
Номинация жана жеңүүчүлөр:
Жылдын банкы — "Оптима Банк"
Жылдын бренди — "Navat" (чайхана)
Жылдын жүзү — Имамидин Ташов
Жылдын менеджери — Албек Ибраимов, Бишкек мэри
Жылдын мобилдик оператору — "Альфа Телеком" ЖАК (MegaCom бренди)
Жылдын отели — Hyatt Regency
Жылдын секириги —"Азия МIX" КВН командасы
Жылдын туристтик агенттиги — Travel Shop
Жылдын ресторатору — Рано Бабажанова, FRUNZE арт-ресторанынын, Kaynar банкет-холлунун,
"Тюбетейка" ресто-клубунун жана "Барашек" кафесинин ээси
Жылдын курулуш компаниясы — "TS Групп".


Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар