$ 68.64 - 68.87
€ 80.21 - 81.10

Милиция Сузактагы бычакталган үй-бүлө боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди

1136 0

Милиция Сузактагы бычакталган үй-бүлө боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди

ИИМден Өзгөндө туулган 31 жаштагы бул киши Россиянын жараны экендигин жана эч жерде иштебегендигин билдиришти.

Сузактын Беш-Мойнок айылында кайнатасын, кайненесин жана аялын өлтүрүп, өзү кошо өлгөн 31 жаштагы кишинин артында үч баласы калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Буга чейин Сузак районунун Барпы айыл аймагында үч киши бычакталып, аны жасады делген киши өзүнө бычак урганы жазылган. "Окуя 6-декабрь күнү саат 11 чамасында Беш-Мойнок айлында болгон. Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 31 жаштагы тургуну экени такталып жатат. Ал ошол үйдүн күйөө баласы болгон. Үйгө саат 11лер чамасында бычак менен кирип келип, 29 жаштагы келинчегин, 78 жаштагы кайнатасын жана 72 жаштагы кайненесин бычактаган", — деди ал. ИИМ өкүлү алгачкы кабарда анын киши өлтүргөндөн кийин качып кеткени туурасында, бир аздан соң өзүн-өзү өлтүргөн деген маалымат түшкөнүн айтты. "Ал кошунасына кайрылып, Өзгөнгө жеткирип коюусун суранган. Ана-Кызыл айылындагы үйүнө келгенден кийин өзүнө бычак уруп жан берген", — деди Осмонбаев. ИИМден азырынча кылмыштын мотивин айтуу эртелик кыларын, бирок буга чейин аялы менен күйөөсү толук кандуу жашабай, төркүнүндө тургандыгын билдиришти.

Осмонбаев Өзгөндө туулган 31 жаштагы бул киши Россиянын жараны экендигин жана эч жерде иштебегендигин билдирди.

"Алган маалыматтар боюнча алардын ортосунда үч баласы бар экендиги айтылып жатат. Учурда Сузак райондук ИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүүдө. Соттук¬ медициналык жана соттук биологиялык экспертиза дайындалды", — деди маалымат кызматынын өкүлү. Осмонбаев учурда бул трагедия боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгондугун билдирди

Булак sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->