$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

II Көчмөндөр оюндарына карата салынган ипподром 8 жылда өзүн актамакчы

354 0

II Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Ата шаарында салынган ипподром 8 жылда өзүн актамакчы. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов билдирди.

II Көчмөндөр оюндарына карата салынган ипподром 8 жылда өзүн актамакчы

Анын айтымында, ипподромдун курулушуна 1,5 миллиард сом жумшалган. "Түзүлгөн бизнес-план боюнча курулушка кеткен каражат 8 жыл ичинде кайтарылыш керек. Эл аралык талаптарга жооп берген бул ипподром Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде алгачкы болуп саналат", - деди чиновник.

Айта кетсек, Айта кетсек, II Көчмөндөр оюндарына жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом жумшалган. Бул акча каражатынын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->