$ 67.80 - 68.02
€ 75.51 - 76.29

Батир акысын төлөй албай калган жигит адам өлтүрүүгө барды.

385 0

Батир акысын төлөй албай калган жигит адам өлтүрүүгө барды.

Батир акысын төлөй албай калган жигит үйдүн ээсин өлтүрүп салган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 57 жаштагы аял кайрылып, 34 жаштагы кызы 28-январь күнү үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 26 жаштагы таластык жигит кармалган. Милиция кызматкерлери аны суракка алганда аялды өлтүрүп салганын моюндаган.
"Кылмышкер батирге 300 доллар төлөп жашаган. Кийин, акчасы жок болуп төлөй албай калгандыктан, үйдүн ээсин өлтүрүп салган", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышкер маркумдун жансыз денесин Сокулук районуна алып барып, каналдын жанындагы камыштардын арасына ыргытып салганын айткан.
Учурда маркумдун денеси аталган жерден табылып, моргго жөнөтүлдү.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->