$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

"Эркелейм" клибине сулуу кыз-жигиттин тартылышын каалагам" дейт Гүлзинат Суранчиева

857 0

Ырчы Гүлзинат Суранчиева "Эркелейм" ырынын сөзүнө ылайык, назик, кооз сүйүү чагылдырылган клип тартылышы үчүн болгон аракетин жумшаганын айтат.

"Эркелейм" клибине сулуу кыз-жигиттин тартылышын каалагам" дейт Гүлзинат Суранчиева

"Ырда кыздын аруу сезимдери сүйүктүү жигитине арналат эмеспи. Жөн эле ырдабастан эркелейт. Алгач кандай сюжет тарталы деп ойлондук. Чыгарма сүйүү тууралуу болгондуктан, эки жаштын сүйүү окуясын тартууну чечкенбиз.


Клипке сулуу кыз, келбеттүү жигитти тарткым келген. Андыктан башкы каармандын ролуна сулуулук сынагында алдынкы үчтүккө кирген Ильяз аттуу модель жигитти чакыргам. Ал эми кызды кастинг аркылуу тандап алганбыз. Экөө бири-бирине төп келишкен сулуу түгөйлөр болушкан. Клипте алардын чогуу убакыт өткөргөнү, бири-бирине эркелеп жүргөнү, кыскасы, алардын таза, назик, керемет сүйүү тарыхы баяндалат", - деп билдирди Г.Суранчиева.

Клипти Канат Култаев тартканын ырчы кошумчалай кетти.




Булак: super.kg



Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->