$ 68.41 - 68.65

Ысык-Көл облусунда “32 баш жылкы, 7 баш уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды


Ысык-Көл облусунда “32 баш жылкы, 7 баш уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көл облусунда “32 баш жылкы, 7 баш уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 49 жаштагы Э.Эдилбек, 36 жаштагы Б.Эстебес, 37 жаштагы М.Дуланбек кармалган. Алар бир канча жылдан бери Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында мал уурулук менен алектенип келишкен.

“Бул кылмыштуу топтун башында 49 жаштагы Э.Эдилбек турган. Ал мурда Кочкор районундагы айылдардын биринде айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаты болуп жүргөн. Кылмыштуу топко өзүнүн өкүл баласын жана туугандарын тарткан. Алар жыл башынан бери Тоң районунан 32 баш жылкы, Ысык-Көл районунан 7 баш уй уурдашкан. Аларды союшуп, Бишкекте эт саткандарга дүңүнөн өткөрүп келишкен. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - дейт Сталбек Усубакунов.

Булак super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->