$ 67.80 - 68.02
€ 75.51 - 76.29

Казакстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды

240 0

Казакстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргызстан-Астана" этномаданият бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов Facebook баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Казакстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды

Сынакты Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги, Лев Гумилев жана Ишеналы Арабаев атындагы университеттери уюштуруп жатат. Дил баяндын темасы "Айматов: жазуучу, философ, дипломат" деп аталат. Максаты - студенттерди илимий изилдөөчүлүк жана изденүүчүлүк ишмердүүлүккө кызыктыруу, Айтматовдун өмүр баяны жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы менен тааныштыруу.

Эмгектер кыргыз, орус жана казак тилдеринде 10-декабрга чейин кабыл алынып, 22-декабрда жыйынтыкталат.

Казакстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды



Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->