$ 67.41 - 67.71
€ 73.11 - 74.08

Матрезерв курттаган унду дагы деле сатып жатат (Видео)


Материалдык резервдер фонду курттаган унду дагы деле сатып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов айтып чыкты.

Матрезерв курттаган унду дагы деле сатып жатат (Видео)

9-ноябрдагы ЖКнын жыйынында Сооронбай Жээнбеков бул маселе тыкыр иликтенип жатканын, бул маселенин үстүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттиги иштеп жактанын билдирген.

“Курттаган ундар аныкталгандан бир ай өткөн соң, 5 орто окуу жайдан курттаган ун чыккан. Бул маселенин үстүнөн тыкыр иштөө керек. Биз мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек” – деди Турускулов.

Ал далил катары жаңы тартылган видеону таратты. Анда ноябрь айынын башында социалдык мекемелердин бирине курттаган ун келгени тартылган.



Ютубга жүктөгөн: 24.kg

Булак fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->