$ 68.83 - 69.02
€ 76.50 - 77.27

Окуучу кызды сабады деп айыпталган студент кыз өзүнө кол салгысы келген

1740 0

Студент кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан сайтына мектеп окуучусун сабаган делген төрт студент кыздын жактоочусу Урматбек Сыдыков билдирди.

Окуучу кызды сабады деп айыпталган студент кыз өзүнө кол салгысы келген

Буга чейин социалдык тармактарда мектеп окуучусу жигит менен мамиле кургандыгы үчүн төрт студент кыз тарабынан сабалды делген маалымат тараган. Кыздар Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаага окуучу кызды салып кетип Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде сабашкандыгы белгиленген. Жабырлануучунун арызы Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүндө катталган.

"Айыпталып жаткан менин төрт кызымдын бирөөсү, өзүнө-өзү кол салгысы келген. Социалдык тармактардагы билдирүүлөр ал кызды ушундай абалга алып келген. Биз аз жерден ал кызды жоготуп ала жаздадык", — деди Сыдыков.


Анын айтымында, кызга убагында дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлдү. Учурда кыздын абалы жакшы. Ал эми сабалган окуучу кыздын жакындары студент кыздын суицид жасоого аракет кылганын угуп, ага тынчсызданып жатышканын айтышты.

"Биз окуя мындай болуп кетээрин билген эмеспиз. Бизге мунун эмне кереги бар. Тезирээк сакайып кетсин", — деди жапа чеккен Жанна Дабаеванын таежеси.


Ошондой эле ал окуяда жабыр тарткан жээни сабалгандан бери ооруканада жатканын кошумчалады.

Аталган фактынын негизинде, Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда окуянын чоо-жайын толук аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жатат.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->