$ 68.41 - 68.65

Антальянын мончосунан кайрадан кыргызстандык кыздар кармалды

1 196 0

Түркиянын Алания районунда полиция кызматкерлери кыргызстандык кыздарды кармашкан. Бул тууралуу жергиликтүү Haberler басылмасы жазып чыкты.
Антальянын мончосунан кайрадан кыргызстандык кыздар кармалды

Үч кыз мончолорду текшерүү учурунда кармалган. Алар Түркия мамлекетине мыйзамсыз жол менен киргени үчүн айыпталууда. Депортациялоо максатында кыргызстандык жарандар Антальянын миграциялык полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Эске салсак, жумушка уруксаты жок мончодо иштеген кыргыз кыздардын кармалышы экинчи ирет болууда. Мындан мурда да түрк тартип коргоочулары тарабынан үч кыргызстандык кыз кармалган.

Источник: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->