Аскат Сулайманов: чоң акчага карабай ачык эпизодго тартылуудан баш тартып келем

817 0

Бул актердой милициянын ролун ийине жеткире аткаргандар аз болсо керек. Образ деген ушундай нерсе экен. Бир сиңет дагы жакшы көргөн кийимдей чечилбейт. Мага чейин эле ичиңизден "участковый" Аскат Сулайманов деп жатсаңыз керек.

Аскат Сулайманов: чоң акчага карабай ачык эпизодго тартылуудан баш тартып келем

Журналист Гүлдана Талантбековага актер жана режиссер Сулайманов тасмадагы каармандары, алган гонорары, театрдагы сүйүүсү жана эмне себептен "уят" тасмадан баш тартаарын айтып берди.

— Аскат мырза, чалсам эле тартуу иштери менен алекмин деп келбей жүрдүңүз. Убактыңызды алган кино деген кыйноо экени чын окшобойбу?

— Туура айтасыз, азыр күздүн күнү кинонун сезону деп тартуу ишин баштап алганбыз. Күндүзү театрда спектаклде ойносок, убакыт караштырып кайра тасма тартканга отуруш керек. Кино деген чындыгында кыйноо. Анан бир жарым саатта көрүп салып "ай жаман болуп калыптыр, жакшы болуп калыптыр" деген пикирлерди көп угабыз. Буга чейин "Президент жана бомж" тасмаларынын биринчи, экинчисин, "Мосвка сүйүүсү" тасмасын тартканбыз. Азыр тартылып жаткан тасма сыр бойдон турсун. Бүгүн акыркы съемкасын бүтүрүп, анан монтажга отурабыз. Эртең менен күн чыкканда кетип, кечинде саат ондон кийин келип жатам. Чындыгында балдарымды дагы анда-санда көрчү болдум. Кудай дайыма чуркап иштеп жүрүп чарчагандан айтсын. Жатып эс алчу күн дагы карыганда келет.


— Театрда дагы эмгектенип келесиз. Кандай спектаклдерге өң берүүгө белсенип жүрөсүз?

— Азыр мен ойногондордон Индия элинин чоң эпосу Махабхаратанын Бхарата урпактары деген кичинекей үзүндүсүн койдук. Он сегиз томдук чоң эпос көлөмү боюнча Манас эпосунан кийинки эле орунда турат экен. 20-декабрда Индияга ошол спектакль менен иш сапарына кеткени жатабыз. Мен Шакуни деген өтө бузуку, чагымчыл, эки жүздүү, жаман кишинин ролун ойнойм. "Өзүң дагы индустарга окшошсуң" деп бул ролду беришти (күлүп).


— Театрда мүнөздүү образдарды ачып берсеңиз, тасмада аймактык милициянын ролун ийине жеткире ойногонуңуздан улам жакшы таанышса керек?

— Театрда чындыгында милицияны ойной элекмин. Режиссерлор кинодо сырткы келбетиңе карашса, театрда жан дүйнөңө карап роль берет. Анын үстүнө кинону дубль кылып тарта берсең болот. Ошондуктан театрда иштеш киного караганда оор.


— Жаңылышпасам милициянын ролундагы тушооңуз алгачкы жолу "Айыл өкмөтү" тасмасынан кесилди окшойт? Бул тасманы бардыгыбыз берилүү менен көрдүк эле.

— Ооба, Эрнест Абдыжапаровдун ал тасмасы фестивалдарда "Саратан" деген ат менен көрсөтүлгөн. Билишимче бул ролду мен ойномок эмесмин. Аймактык милицияны ойной турган киши бошобой калып, башка актер издеп башташат. Мен ал кино тартылаарын да уккан эмесмин. Анткени өзүм Алматыдан окуумду жаңы бүтүрүп келген жаш актерлордун бири болчумун. Андай тасмаларга бизди чакырышчу эмес. Анын үстүндө Эрнест байке "союз таркагандан бери он эки жылдан кийин биринчи кино тартып, болушунча тасманы жандандырыш үчүн, кесипкөй актерлорду алышым керек" дептир. Айыл өкмөтүн ойногон Күмөндөр байке мени таанычу. Анан ал тасмадагы каарман жаңы иштеген аймактык милиция болсо, бул дагы жаңы окуусун бүтүп келген бала экен деп мени сунуштады. Эрнест байкеге пробага барсам дароо жактырып, эртеси күнү тартуу иши менен Көлгө жөнөп кеттик. Ичимден аябай сүйүндүм. Кыргызстанда тартылган алгачкы тасмам эле. Казакстанда жүргөндө бир-эки тасмага түшкөм. Анан ошол тасмадан кийин эле элдин баары "Ой, сен милицияны жакшы ойнойт турбайсыңбы" дешип, калың журтка тааныла баштадым.


— Канча гонорар төлөп беришкендери эсиңиздеби?

— Ал убакта өтө эле аз болчу. Анда 2002-2003 жылдары болсо керек. 6500 сом алгам. Театрдагы айлыгым ал кезде 430 сом болгондуктан, бир топ эле төлөп беришкендей сезилген.


— Бир ролго сиңип калуудан коркпойсузбу?

— Башында коркком. Шурикти ойногон актер айткан экен "Гайдай меня породил, Гайдай и убил" деп. Шурик учурунда "дүң" болгону менен кийин башка тасмаларга тартыла албай кыйналыптыр. Мен дагы бир жылга жетпей милиция деп элдин баарына таанылып кеткем. Тойго, кечеге, керек болсо спектакль ойноп жатсам "участковый экен" деген күбүр-шыбыр сөздөр угулчу. Андан кийин ичкичти, рэкетти, дарыгерди, чабанды, ишкерди ойнодум. "Президент жана бомж" тасмасында башкы ролду ойноп, Омор байке болуп аз да болсо элдин ою бөлүндү. Чачымды алдырып, мурутумды алып, имиджимди өзгөртүп, сакал коюп ойноп жүрдүм. Азыр бир ролго сиңип калам деп коркпойм.


— Бирок клиптерде көбүнчө турмуштук ролдорду жаратасыз. Маселен, аялы менен урушуп, ажырашып кетип дегендей…

— Кыйындыгымдан дебейм, бирок кино тартаарда актердун сырткы келбети, жан дүйнөсү ролго төп келиши керек. Кыйын актерге ичкичтин ролун берсең, сырткы келбети отурбаса баары бир өңүнө чыгарып аткара албайт. Мага жакпаган, туура келбеген роль болсо баш тартам. Азыр мени жаман көрүп, таарынгандар көп. Көп жерден сценарийин окуп көрүп, "кечирип койгула, ойной албайм же бошобойм" деп кутулам.


— Маселен кандай ролдордон баш тарттыңыз эле?

— Өзүңө жакпагандан кийин акча үчүн жаман көрүнгүң келбейт экен. Элдер деле "Аскат өлгөнү калган го, ушуну ойнобой эле койбойбу" дешсе керек. Айрымдар ылгабай ойногонго аракет кылышат. Мен жеңил ойлуу мырзалардын ролун ойногондо "эй, Аскат кичине токтотпойсуңбу" деп бир эки кишиден угуп калдым. Мага мүнөздүү ролдор жакын. Маселен ичкич, ууру, эки жүздүү. Ток пейилинен келген манчыркаган адамдарды ойногум келбейт. Мындай ролдор менен элдин эсинде калуу кыйын. Мага "Президент жана бомж" тасмасынан кийин көп ишкерлер "менин башыман өткөн окуя экен, муну ким жазды" эле дешкен. Сценарийин Өмүрзак Төлөбеков аттуу таластык байке жазган. Анын да башынан кинодогудай окуя өтүп, тасма тартам деп машинесин, үйүн сатып белсениптир. Кудайга шүгүр, азыр кайра бутка туруп алды. Мен сценарийин окуп чыгып эле жакшы кино болот дегем. Өздөрү дагы "Аскат, биринчи кинобуз болуп жатат, бизди түшүн, жардам кыл" дегенинен макул болгом. Акчасына деле караган жокмун. Анын үстүнө аймактык милициядан кийинки башкы ролум жок болчу. Кийин кино прокаттан өзүн актаганда ыраазычылык катары жакшы эле акча беришти.


— Ачык-айрым, бирок Голливуддун деңгээлиндеги тасма болсо тартылууга ойлонуп көрөт белеңиз?

— Эми Голливуд деген талашкыс нерсе. Мындан беш-алты жыл мурун жаңы жыл күнү Ала-Тоо аянтынан бир тасма тартылмак экен. Кино тартуучулар келип "машиненин ичинде бир кыз мене жылаңач болуп интимдик бөлүктү аткарып бериңиз" деди. Таң калып "эй андан башка жери жокпу" десем, "эки саатка 20 миң сом беребиз" дешти. Дароо баш тарттым. Анан кайра-кайра чалып, ортого киши салып "эки саатка 30 миң беребиз, сени менен тартылчу кыз супсулуу модель, акыңыз жаңы жылда үй-бүлөңүзгө белек болсун" деди. Анан макулдугумду бербесем тигилер таарынып, өзүм тажаганда "кызыксыңар го, кыргызда актер деген толтура ошолорго кайрылгыла!" деп жолго салгам. Ал тасма чыктыбы, билбейм. Жарыкка чыкса эмдигиче көрөт элек. Ич кийимчен сыртта отуруп, душка түшүп жаткан кадрларды дагы жаман көрөм. Мындайлар биздин менталитетке туура келбейт экен. Ошол себептен көп тасмадан, клип, роликтерден акчасына карабай баш тартып келем.


— Аткарган ролдордон тагдырыңызга үндөштөр барбы?

— Азырынча андай кино жок. Театрда "Жаза" деген спектаклде актер менен актрисанын турмушу сүрөттөлөт. Ошондогу айтылган сөздөр, ойногон каарманым жашоомо окшошуп кетет. Анда экөө бирин-бири жакшы көргөн көз ирмемдери бар.


— Анан чындап эле жашооңузда актриса кызды жакшы көрдүңүз беле?

— Эми эркек болгондон кийин сезимдер болот да…


— Баса, милиция кызматкери болуу бала кезиңиздеги кыялыңыз болгон экенин интервьюларыңыздан окуп калдым эле?

— Биз атасыз өстүк. Бизге жездем көп жардам берчү эле. Ал өмүр бою милиция кызматкери болгондуктан, апам кичинекейимде "сен да жолун жолдойсуң" деген тилеги бар болчу. Өзүм деле кызыгып жүрдүм. Мектепти бүтүп жатканда Таласта Манастын миң жылдыгына карата маданият үйүнүн кызматкерлеринин ортосунда чоң конкурс болуп, "Карагул ботом" спектаклинде Карагулду ойноп баргам. Жыйынтыгында жаштар арасында мыкты роль наамын алып, диплом менен хрусталь ваза беришкен. Ал азыр да үйдө эстелик болуп турат. Кичинекей кезимде сыйлыгым Оскардын статуэткасына тете эле. Ошол мага түрткү болуп, актер болуума стимул берди окшойт. Кийин Алматыга барып актердук бөлүмгө тапшырдым.


— Сиздин образыңызга көрк кошкон дагы мурутуңуз болсо керек. Атайын кино үчүн коюп жүрөсүзбү?

— Негизи мурутумду 11-классымдан бери эле коюп келем. Кудай кебетени берсе, тебетейди таап кием деген бар эмеспи. Бир жолу социалдык ролик тартуучулар келип "актер Алжан Сарбагышев болуп тартылып бериңиз, бирок мурутуңузду алсаңыз даана окшошот элеңиз" дешкенинен улуу кишилердин ролун жаратуу милдет эмеспи деп макул болдум. Кайра театрга барсам азыркы биздин көркөм жетекчи Марат Козукеев "эмне ооруп атасыңбы, же түндө ичип алдың беле, шишип калыптырсың?" дегенинен "ой эмне?" десем, "уай ата, мурутуңду алып салган турбайсыңбы, сага мындай жарашпайт экен" деди. Чындыгында эле мага мурутсуз жүрүү ыңгайсыз экенин сезип, албай коюну туура көрдүм.


— Дагы кандай ролдон өзүңүздү көргүңүз келет?

— Акыркы жылдары коңшу казактар тарыхый-көркөм тасмаларга көбүрөөк басым жасап жатышат. Бизде тарыхый жанрдагы "Курманжан датка", "Үркүн" тасмалары тартылды. Мен дагы улуттук духту көтөрүп, элди даңазалаган тасмада боз үйгө кирип "ассалом алейкум, бай келди" деп чыгып кетпеген жакшы ролду ойногум келет. Актерлордон Советбек Жумадыловдун, Сүймөнкул Чокморовдун, Ашым Чокубаевдердин талантына баа берем. Биз ошол кишилерге таасирленип өстүк.


— Сөз соңунда жеке жашооңузга кызыккандарга эки ооз кеп?

— Жаш үйлөнгөм. 18 жашымда үйлөнүп, 20 жашымда балалуу болгом, азыр 38 жаштамын. Келинчегим экөөбүздүн ортобузда Арген, Арсен, Арлен, анан Айназик, Аделина деген беш балабыз бар. Баары жакшы, кудайга шүгүр.



Булак: sputnik.kg










Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->