$ 68.47 - 68.69
€ 80.40 - 81.19

Чүйдө "үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 19 жаштагы Бакыт Жумаев изделүүдө


Чүйдө "үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 19 жаштагы Бакыт Жумаев изделүүдө

Чүй облусунда 19 жаштагы Бакыт Жумаев изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда анын агасы Тынчтык Жумаев билдирди.

Анын айтымында, Бакыт 31-октябрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

"Ошол күнү үйгө келип, телефондорун калтырып, кат жазып кетиптир. Катта "мага сарсанаа болбой эле койгула, жакшы элемин" деп жазылган. Ошондон бери бүгүн төрт күн өттү, дайынсыз болууда. Акыркы учурларда эч ким менен сүйлөшпөй аябай түнт болуп кеткен. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазылды. Алар издеп жатышат", - деди Тынчтык Жумаев.

Айта кетсек, Бакыт Жумаев ошол күнү көк күрмө, көк шым, күрөң бут кийим кийип жүргөн.
Эгер аны көрүп-билгендер болсо, (0700) 99-87-46 номуруна кайрылыңыздар.

Булак super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->