$ 68.15 - 68.31
€ 79.55 - 80.12

Москвадагы гүлзарга Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды


Москвадагы гүлзарга Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды

Күтүлгөндөй эле Москва өкмөтүнүн президиуму Якиманка районундагы гүлзарга Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун атын берүү тууралуу токтом кабыл алды.

Каримов атындагы гүлзар Большая Полянка көчөсү менен 1-казак чолок көчөсүнүн кесилишинде пайда болот.

Буга чейин Москва мэриясы аталган гүлзарга Каримовдун атын ыйгаруу өтүнүчү менен Орусиянын жана Өзбекстандын илимий кызматкерлери, саясатчылары жана искусство адамдары кайрылышканын билдирген.

Ислам Каримов 79 жашында каза тапкан. Анын көз жумгандыгы тууралуу алгачкы билдирүү 2016-жылдын 29-августунда пайда болуп, каза болгондугу тууралуу 2-сентябрда гана расмий билдиришкен.

Орусия президенти Владимир Путин Каримовду эскерүү үчүн Самаркандга 6-сентябрда барган. Ага чейин Өзбекстандын алгачкы президенти менен коштошуу зыйнатына орус премьери Дмитрий Медведев катышкан.

Каримов өлкөнү дээрлик 27 жыл башкарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->