$ 68.84 - 69.04
€ 76.32 - 77.25

Ысык-Көлдө «Арсенал» рейди уюштурулду

175 0

Мыйзамсыз сактоодо жүргөн ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды аныктоо жана кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында Ысык-Көл ОИИБ тарабынан «Арсенал» рейди уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшү менен 8-февралдан 9-февралга караган түнү мурда жасалган 6 кылмыштын бети ачылып, 5 административдик укук бузуулар катталды.

Милиция кызматкерлерине ушул жылдын 8-январында Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылынын тургунунан талаада жайылып жүргөн 1 баш коюн уурдап кетишкендиги тууралуу арыз түшкөн.

Ысык-Көл ОИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Чырпыкты айылынын 21 жаштагы Ж.К. жана К.А. аттуу тургундары кармалды.

Аталган фактыга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жарандар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу камакка алуучу жайына киргизилип, далил буюмдар алынды.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->