$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

"Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу алмашты

292 0

Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, аталган чечимди клубдун жетекчилиги 31-октябрда кабыл алган. Буга "Абдыш-Ата" 2016-жылы ийгилик жарата албады деген жүйө келтирилген.

"Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу алмашты

Башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп 35 жаштагы Аскар Ахметов дайындалды. Ал мындан мурда "Живое пиво" клубунда башкы машыктыруучу болчу.

Өткөн жумада жыйынтыкталган Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда топ-лигада "Абдыш-Ата" 4-орунду ээлеген. 18 оюнда алты жолу утуп, сегиз жолу жеңилип, төрт ирет тең чыгып, жалпысынан 22 упай топтогон эле.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->