$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды өлтүргөн шектүү кармалды

1420 0

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтуусунда, 27-октябрда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Кожояр айылынын киши колдуу болгон 19 жаштагы жашоочусунун сөөгү табылган.

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды өлтүргөн шектүү кармалды

Кылмышка шектүү кармалып, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну болуп чыккан. Маалыматтарга караганда, маркум кылмышка шектүү менен интернет аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Жолугушкандан кийин кыз жактырбай коюп, буга арданган бала аны 11 жолу бычак менен сайып өлтүргөн деген божомол бар. Азыркы учурда тергөө уланууда.


Булак: "Азаттык"

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->