$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды


Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиктери ырчынын апасы Гүлзира Айдарбековага шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Ооба, Кайраттын жол кырсыгына кабылганы чындык. Кырсык сүрөттөгү унаада болгон. Кудайга шүгүр, Кайрат аман-эсен, буту жабыркады, башка жаракаттары жок. Ал окуядан соң Казалинск шаарында эч нерсе болбогондой эл алдында концерт берди. Көпчүлүгү бул тууралуу билип, сурап жаткандыктан жана сиздер кабатыр болбошуңуздар үчүн жазып жатам. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем, ар бириңиздин үйүңүздө кубаныч жана жыргалчылык болушун каалайм", - деп билдирген ырчынын апасы.

Булак super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->