$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Ууга чыккан Жалал-Абад облусунун тургуну кар көчкүнүн алдында калды

279 0

Ууга чыккан Жалал-Абад облусунун тургуну кар көчкүнүн алдында калды

Күбөлөрдүн айтымында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 6300 кубометрди түзөт. Узундугу 70 метр, туурасы 30 жана бийиктиги 3 метр.

Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну Бишкек— Ош жаңы жолунун туннелине жакын Көк-Зоо аймагына ууга чыгып, кар көчкүнүн алдында калган. Бул тууралуу ӨКМ Жалал-Абад облусунун мергенчилер жана балыкчылар коомуна таянуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда түштөн кийин төрттөр чамасында болгон. "Күбөлөрдүн айтымында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 6300 кубометрди түзөт. Узундугу 70 метр, туурасы 30 жана бийиктиги 3 метр. Алар окуя болгон жерден жаранды издөөгө аракет кылышканы менен жыйынтык чыккан эмес", — деп айтылат маалыматта. Кечинде 10 кишиден турган куткаруучулар чыгып кетти. Алар эртең издөө иштерин жүргүзөт.

Источник sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->