$ 67.83 - 68.21
€ 75.47 - 76.65

Кувейтте тоту куш аялына күйөөсүнүн кылыктарын "айтып" салды

1509 0

Кувейтте тоту куш аялына күйөөсүнүн кылыктарын "айтып" салды

Аялы күйөөсү көзүнө чөп салып жүрөт деп шектенип келген. Бирок ага далил жок болчу.

Кувейтте тоту куш аялга күйөөсүнүн ала жипти аттап жүргөнүн айтып салды. Бул тууралуу Metro басылмасы жазып чыкты.

Тоту куш жубайлар чогуу отурганда отурганда күйөөсүнүн көңүлдөш болуп жүргөн үй кызматкерине карата айткан комплименттерин айтып баштаган.

Басылманын жазышынча аялы күйөөсү анын көзүнө чөп салып жүрөт деп шектенип келген. Бирок ага далил жок болчу. Үйдөгү канаттуу "баарын айтып салгандан" кийин аялы күйөөсүнүн үстүнөн полицияга арыз жазып, аны ала жипти аттады деген айып менен жоопко тартууну суранган. Бирок сот эркектин таламын коргоп, куш күбө боло албай турганын билдирип, тоту куш бул сөздөрдү радиодон же телевизордон деле угуп алышы мүмкүн деген жүйө келтирген.

Источник sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->