Баткенде мыйзамсыз иштеп жаткан эки кумаркана аныкталды

97 0

Баткен облусунда мыйзамсыз иштеген эки кумаркана табылды. Бул тууралуу КРнын Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районундагы Жаңы-Жер аймагында чек арага жакын жайгашкан Арка айылында эки кумаркана бар экени аныкталган. Биринчисин текшерген убакта кассада 1,660 миң Тажикстандын улуттук валютасы сомони табылган. Ошондой эле, 9 оюн автоматы, 16 комплект компьютер жана 1 касса оператордун сумкасы табылган

Ал эми экинчисинде кассада 11 сомони, 1 миң сом жана 20 комплект компьютер табылган. Эки оюн жайдын оператор жана кассирлери Тажикстандын жарандары болгон. Баардык күбөлөндүрүүчү буюмдар алынган. Учурда кылмыш иши козголуп, изилдөө иштери жүрүп жатат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->